Ош. Өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары былтыркыдан 11 пайызга өсүптүр

8 ай ичинде Ош облусунда жаш өспүрүмдөр катышкан 100 жол кырсыгы болуп, 17 бала каза тапса, 83ү ар кандай жаракат алды. Муну Ош ОИИБинин Жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Айжигит Зикиров маалымдады. Быйыл жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктары былтыркыдан 11 пайызга көп.

"Мектеп окуучуларына жол кыймылынын эрежелерин окутуп, үйрөтүү боюнча ар түрдүү сынактар уюштурулууда. 20-августтан 10-сентябрга чейин "Көңүл бургула, балдар“ аттуу рейд жүрүп  жатат",- дейт Зикиров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан