Баткендин экс-губернатору Мамат Айбалаев: "Кыргыз-Тажик чек арасында ок чыгарган тажик жоокерлерин алар "баатыр" көрүп жатышат, негизи жазаланышы керек" (маек)

Акыркы учурда Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын жаңжалдашуусу көп кайталанчу болду. Жалпылап айтканда, чек ара чыры Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүктү алгандан бери чечилбей келе жаткан олуттуу маселе. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, алар буга чейин да мындан оор ызы-чууларды башынан өткөрүп келишкен. Баткенде бир эле айдын ичинде 2 жолу ок атышуу болду. Кээ бирине бул кенебес окуя болсо, көбүн кагылышуу сестентет. 8-майда Көк-Таш айылындагы чырда 3 жоокерге ок тийип, алардын биринин абалы оор экени кабарланууда. Ал эми кечээ, 24-майда чыккан чырда эч ким жаракат албаганы менен анда да ок атышуу болгонун Чек ара кызматынан тастыкташты.

Мындан улам SUPER.KG порталы Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев менен бул темада маектешти. Айбалаев чек арага байланыштуу кызыктуу маалыматтарды айтып, анын чечүү жолдорун аныктаган бир нече сунуш-пикирлерин билдирди.

- Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр акыркы күндөрү бат-баттан кайталанчу болду. Чек ара маселесин сиз ичтен билген киши катары бул тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Чек ара чырында бийлик тараптан чынында кардиналдуу чечимдер болбой жатат. Ушул себептен бул окуя кайталанып келүүдө. Кыргыз өлкөсүнүн башчысы да ал тарапка катуу маселе коюшу керек. Бул тууралуу чынында башынан эле айтып келе жатам. Анткени Баткен жергеси менин киндик каным тамган, туулуп-өскөн жерим. Жаш кезимден тарта тажиктер менен соодалашып, алардын кыял-жоругун беш колумдай билип өстүм. Тажиктер акылдуу, бирок өтө куу калк болушат. Ошондуктан, булардын айтканына ишенбестен, жетекчилер менен биргеликте маселени тамырынан чечүү керек.

- Бийлик тараптан чек ара маселесин чечүүдө реформа болбой жатканын айтып жатасыз. Сиз ошол реформага жол көрсөтүүчү кандай кадамдарды сунуштай аласыз?

- Тажикстанда биздин Жерге-Тал жана Мургаб деген 2 районубуз бар. Ал жерде кыргыздарды кысымга алып, райондун жетекчилери, мектеп директорлору, ооруканалардын башкы дарыгерлери кыргыздар болгон болсо, 15-20 жылдын ичинде алардын бардыгын тажиктерге алмаштырышкан. Андан кийин ошол иштен алынган азаматтар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына көчүп келип алышкан. Көбүнчө Ош, Жалал-Абад жана Чүйгө көчүп келишкен. Ошентип, майлуу, сүттүү орундарынан кол жуугандан кийин мекендештерибиз аргасыз ал жакты таштап кетүүгө мажбур эле. Буларды негиз кылып тажиктер менен конкреттүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Негизи Баткен, Лейлекте болгон чыр окуяларда негизги делген Ворух, Мачайы жана Көк-Таш деген 3 чекит бар. Ал жердеги тажиктерди көчүрүп, алардын ордуна кыргыздарды алып келсе, аймак тажиктердикинде эле калат. Албетте, мында кыргыздар менен кыргыздар мушташпайт. Ал жерде тиги тажикстандык кээ бир уруулар ичкиликтерден болот, бир жагынан алар тууган болуп кетишет. Ошондуктан, бул жерде көйгөй болбойт. Бул бир вариант. Ал эми эки тарап сүйлөшүп, көйгөйлөрдү аягына чейин чечип, кеткен чыгымдарын да караса, бул маселени чечүүгө дагы да мүмкүнчүлүк болот.

Андан башка Тажикстандын Ленинабад облусундагы Исфара, Канвадам районунун тегерегинде 18 чакты жалаң кыргыз айылдары бар. Алар бир жолу менден Кыргыз өлкөсүнө чыгып кетүү каалоосу күч экенин айтып, жардам сурашкан эле.

Биз чынында көп убакытты өткөрүп жибердик. Эгемендүүлүктү алганда кокустан коюлган президент эйфорияда жүрүп, убакытты өткөрүп жиберди. Болбосо эч кандай маселе жаратпай эле ошол 1990-жылдардын башында бул көйгөй чечилмек, оңой жолдору бар болчу. Менин билишимче, ошол айылдарда 21, 22 миң кыргыз улутундагы адамдар жашайт болчу. Андан башка дагы көп варианттар бар. Ал жерде кыргыздар менен тажиктерди ажыратмайынча, бул көйгөй токтобойт, тескерисинче күчөй берет. Себеби ал жерде Ворух анклавы, Матчаи кыштактарында тар жерде жашашат. Булардын саны да көбөйүп жатат, мындан улам тажиктерге жер керек.

- Сиз Баткендеги туугандарыңыз менен сүйлөшүп калсаңыз, алар чек арага байланыштуу эмнелерди айтышат?

- Чыр уламдан улам кайталанып жатканын айтышат. Туугандарым эле эмес, буга чейин элдин арасында да айтылып келе жаткан сөздөр бар. Алар дайыма "бир күн сөзсүз кыргыздарды бул жерден кууп чыгабыз" деп сөз кылышат экен. Ошондуктан, Лейлек жана Баткен райондоруна көңүл буруп, маселени өзөгүнөн жана так чечиш керек. Антпесек абалыбыз мындан да жаман болот. Мен өзүм да Баткен, Лейлек районунда жашаган туугандарымды Чүйдөн көп жолуктурам. Баткендин өзүнө барсаң көбүнчө кары-картаңдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар калыптыр. Мындайча айтканда, элибиз ички миграцияга ооп кетишти. Статистикада Орусияга эң көп кеткен жарандарыбыз Лейлек жана Баткен райондорунун тургундары экен. Өкүнүчтүүсү - миллиондон ашык Кыргыз жараны Орусияда жүрөт. Алардын баары жыргаганынан кеткен эмес, тынч эмес жашоодон улам кол шилтеп кетишкендер. Минтип отурсак биз Баткен, Лейлек райондорубузду жоготуп алабыз. Себеби эл ал жердеги азапка чыдабай, суюлуп көчө берет. Абал кооптуу, тажиктердин саны көп. Алардын калкынын саны азыр 10 миллионго жакындап калды. Ал эми биздин 6 миллион элибиздин 1 миллиону Орусияда жүрөт.

- Ооба, алардын калкынын саны көбөйгөнүн, абалга карап биз тарапка кирип келе жатканы тууралуу айтып жатасыз. Бул маселенин чечүү жолдоруна токтолсоңуз?

- Албетте, чечүүнүн дагы башка жолдору бар. Бирок аны эл менен акылдашмайын азыр айтып бере албайм. Себеби азыр айтсам, элибиз капа болуп калышы мүмкүн. Анткени ал вариантты элге түшүндүрүү керек. Бирок биздин мурунку жетекчилерди Акаев, Бакиевди акмактар деп айткым келет. Анткени алар президент болдук деп эйфорияда жүрүп, убакыттан уттуруп жиберишкен. Эл жөнүндө, мамлекет жөнүндө ойлобой коюшкан. Алар жер тууралуу ойлонушкан эмес. Акаев кытайларга Үзөңгү-Куушту, Бакиев Казакстанга Каркыраны карматты. Андан кийинки майда-чүйдө жерлерди айтпай эле коёюн, биздин башчылар ушундай иштер менен убара болуп жүрүп алды.

- Чыр чыкканда бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүлөр жүргөнүн, маселе чечилгенин маалымдашат. Бирок окуя кайталанат, бул кадамды кандай бааласак болот?

- Азыркы президенттин кадамы аларга ишенип жатпайбы, бирок тажиктер ишеним бере турган калк эмес. Бул тууралуу дайыма эле айтып келе жатам. Тажик эли акылдуу, күжүрмөн, куу эл экенин дагы бир баса белгилегим келет. Баткенде ата-бабаларым "сарт там айланганча" деп айтып калышчу. Алар эч сөзгө турушпайт, буларда ал нерсе улуттук каада-салт, мүнөз болуп эсептелет. Мен алар менен соодалашып, утуп-уттуруп тажрыйба алгам.

Бул чыр кайталана берет. Бул жерде негизгиси кайсы мамлекеттин жоокери ок чыгарса, ошол жоокерди атуудан дагы кайра тартпаш керек. Бул башка өлкөлөрдө да бар. Ким биринчи ок чыгарган болсо, ошол тарап сөзсүз жаза алуусу зарыл. Бирок аларда ким биринчи ок чыгарса, алар "баатыр" болуп тескери көрүнүш орун алууда. Биз кылымдар бою бирге жашап келгенбиз. Советтер Союзунда, ага чейин Кокон хандыгынын учурунда дагы бирге жашап келдик. Коңшу элбиз, акыркы 20-30 жылдын ичинде бөлүнүп, андан ары ар бир элдин кызыкчылыгы пайда болду. Элдин арасындагы кээ бир адамдар достукту, коңшулукту бузуп коёт. Мына ошолорго абдан катуу чара көрүлүшү абзел. Ушуну биринчи маселе катары караш керек. Дагы баса белгилеп айтам, биринчи ок чыгарган тарап сөзсүз жазаланышы зарыл. Анткени эки элдин ынтымагына доо кетирген акмак чыга турган болсо, ал сөзсүз жазасыз калбашы керек.

Мында өкмөт менен байланышы абдан тыгыз болуусу зарыл. Ар бир окуя боюнча өкмөт сүйлөшүп, эмне үчүн мындай болду деп анын себебин анализдеши керек эле. Советтер Союзунун учурунда анчалык билинбейт эле. Бирок азыр элдин арасында кандай акмактар бар экенин баарыбыз эле билип калдык да. Өтө ашып кеткен улутчул, психикалык жактан жабыркаган жана башка калктын катмары бар. Ушулар эске алынбаса, окуя кайталана берет.

Бул сүйлөшүүдө маселе катуу коюлуп чечилбесе кыйын болот. Аны түп тамырынан, максаттуу, стратегияга ылайык чечүү заман талабы болуп турат. Эң негизгиси бирге жашап келгенбиз, жашай беребиз деген пикир өтө чоң жаңылыштык. Ошондуктан, алмашууга барып, бул маселени олуттуу чечүүбүз керек. Лейлек менен Баткен району бул жаатта абдан кооптуу. Окуянын дамамат кайталануусу акырындап кандуу согушка алып келүүсү мүмкүн. Орусия менен Украинанын мамилеси эле буга мисал болуп бере алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zilish_kg
2020-05-25 14:18:44
Ушул кишинин илимин билимин колдонуп калыш керек, чек араны мыкты билген түшүнгөн инсан. Башкысы элдин ишеними бар бул кишиге, себеби убагында иштеп жүрүп иш жүзүндө көргөзгөн.
+12
Erik2018
2020-05-25 14:32:36
Баткенге ушул кишини алып келиш керек 100гө кирсе деле бир жагына чечип беремек маселени
+8
Jaznura
2020-05-25 14:35:17
Мадумаровдун номер бир душманы бул киши. Мадумаров кол койгон протоколдун айынан чатак чыгып келгенин айтып жатат.
+5
aiba.8327
2020-05-25 14:41:02
Эн туура айттыптыр биздин новостройка да коп баткен келгендер сурасан тажиктерден качып келишкен АК Ордо 3 то....
+4
Alimbek1000
2020-05-25 14:46:19
Мадумаровду качан жоопко тартасыңар? баткендеги жерди Тажиктерге берип койгон ошол го?
+2
PROS
2020-05-25 21:44:06
Бир гана Кыргызстанда чекараны бузуп кирген адамга ок аткан кыргыз жоокери жоопко тартылат!!! Койгулачы ээ ушундай законуңарды!!! Айбалаев аксакал, азыр совет доору эмес кошуналарга сый мамиле кылган! Азыр заман башка, биздин жоокерлерди жоопко тартып отуруп, жерибизди бүт алдырдыңар, "какой привет, такой ответ" кылыш керек болду!!!
+1
Goodyer
2020-05-25 23:43:38
Бул киши чек араны чече турган мезгилде Акаев аскар калмак муну иштен алып койгон. Бул кишиден кийин чек арага аракет кылган киши жок. Суйлошуп атабыз деше берет бирок эчтеке чечилген жок. Биздин чондордо патриотизм деген нерсе жок эптеп шайлоонун аракетини кылып журуп отушуп кетет.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан