4-сентябрда саат 19:30 чамасында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Айбек” базарынан өрт чыкты. Кырсыктан азык-түлүк сатылган 20, килем сатылган 1 контейнер күйүп кетти. Жалпы 500 чарчы метр жерди өрт каптап, аны өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылыптыр. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.