Айфонду чукулап жатып системдик ката таап чыккан студентке "Applе" компаниясы 3 жарым миң доллар төлөп берди

Алмаз Сеидов аттуу түркмөнстандык студент айфондон системдик ката таап алганы үчүн "Applе" компаниясы ага 3 жарым миң доллар сый акы төлөп берген. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазышат.

"22 жаштагы студент Apple Store тиркемесинен бир нече жолу өзүнө керектүү оюнду жүктөөгө аракет жасаган. Бирок улам сайын айфон катып же блокко түшүп калып аябай жүдөткөн. Ошондо студент "Apple`дын" өзүндө системдик ката болуп жатканын түшүнүп, ката жөнүндө компания өкүлдөрүнө байланышып айтат. Бир аз убакыттан кийин Алмаз Сеидовго "Apple" компаниясынын атынан ыраазычылык каты келген. Анда тиркемеде чындыгында системдик ката кеткенин жана бул жөнүндө кабарлаганы үчүн 3 жарым миң доллар сый акы берилери айтылган. Сеидов мындан ары дагы операциондук системдердеги каталарды табууну улантарын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Belek1710
2020-05-25 23:41:13
Молодец, Түркмөноглы!
+1
AksyKum
2020-05-26 15:23:20
Менин ватсап номерим заблок болуп калып жатат .башка номер алсамда.группага Адам кошуп учурсом эле.эмне кылыш керек Ким билет
0
kulundu.89
2020-05-25 23:53:06
Жакшы түркмөндөрдөнда чыгыптырда. Көз тийбесин
+1
bazar
2020-05-26 10:33:32
Ушундай таанымал белгилүү компания үчүн 3500 $ сыйакы уят. 300 000 доллар бериш керек эле.
+7
bazar
2020-05-26 10:34:58
Эгер Европа же Америкада жашаган өңү сары көзү көк адам тапканда, миллион доллар сыйакы бермек
+6
nurgaz
2020-05-26 10:39:27
Бул туркмон эч нерсе тапкан эмес, жон эле оюн кочуро албай жатам деп эле кат жоноткон. З500 доллар сыйлык бергени жакшы эле корунуш.
+10
batleybesh
2020-05-26 13:30:03
nurgaz,чындап аябай ичи тардык, короалбастык кылабыз е.! Аттин ай
+4
Tyty1990
2020-05-26 13:32:40
Бизде телефонуңду өчүрүп жандырып көр, болбосо билбейм деп күлүп тура беришет го. Цумдагылар
+4
oshondoiraak
2020-05-26 17:05:33
Игра ойногондун пайдасы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан