Бишкек шаарында 25 жаштагы кыз токко тартылып каза тапты. Муну 5-сентябрда "Тез жардам" станциясынан кабарлашты. Кырсык 4-сентябрда шаардын Линейная - Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде болду. Кыз электр мешин оңдоо учурунда токко тартылыптыр. Айта кетсек, өткөн суткада "Тез жардам" кызматына 535 чакыруу түштү.