4-сентябрда Кыргызстанда 24 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 29 бөлүм тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 13, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. Кырсыктан каза тапкандар болгон жок.