Жети-Өгүз районунда жер көчкү жүрүп, сарайдын дубалын бузуп кетти

Жети-Өгүз районунда жер көчкү жүрүп, сарайдын дубалын бузуп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл аймагында 23-май күнү саат 16:00 чамасында Чоң Кызыл-Суу айылында тоо этегинен өткөн каналдан суу тынымсыз агып, жээктеги жер кыртышына сиңип отуруп, көлөмү 480 чарчы метр болгон жер көчкү жүргөн.

Көчкү Мамбетакунов көчөсүндө жайгашкан сарайдын дубалын бузуп кеткен, жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге Жети-Өгүз райондук №36 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, айыл аймактан 7 кызматкер, 1 экскаватор, 1 КамАЗ, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жана техникалардын жардамы менен жер көчкү толук тазаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан