"Кумтөр голд компани" ЖАК (КГК) Кумтөр кенинде ар кандай мүнөздүү жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө контрагенттерди тандоо тууралуу жарыялайт.
КГК тажрыйбалуу персоналы жана өзүнө таандык же ижарага алынган техника паркы болгон кызыктар уюмдарды жана жеке ишкерлерди өздөрүнүн техникалык жана коммерциялык сунуштарын Тандоо комиссиясына тапшырууга чакырат. Сунуштар бекитилген А4 форматындагы конвертте жана бетине "Кумтөр кенинде кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу" деп жазылып, 2020-жылы 11-июнь саат 17:00гө чейин кийинки даректердин бирине тапшырылышы керек: Бишкек шаары, Ибраимова көчөсү, №24, "Учкун" имаратынын түндүк тарабындагы гараждын алдындагы КГКнын Коопсуздук кызматына; Жети-Өгүз району, Тамга айылы, маалымат агенттиги "Волна".
Кененирээк маалымат https://www.kumtor.kg/kg/commercial-proposals/ сайтында берилген.
КГК ишканасы тапшырылган коммерциялык сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоо укугун сактайт. КГК жумуштун болгон көлөмүн бир гана уюмга толугу менен тапшырбастан бир нече талапкер арасында бөлүштүрүүнү ниет кылат. Персоналы жана шаймандары максималдуу толук болгон талапкерлерге артыкчылык берилет. Ал эми шарттар бирдей аткарылган учурда, КГК артыкчылыкты Жети-Өгүз же Тоӊ райондорунан жана Балыкчы шаарынан талапкерлерге берет. КГК алдын ала тандоодон өткөн уюмдар жана жеке ишкерлерди гана чакырат. КГК бир тараптуу бул чакырууга байланыштуу талапкерлер тарткан чыгымдардын ордун толтуруу милдетин албагандыгы тууралуу билдирет.