Мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктарына жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дайындалган.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Буга чейин Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылып, социалдык түйүндөрдө Сыймык Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган. Анда Жапыкеев Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун, байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн. Буга карата ИИМ мурдагы прокурорго иш козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Omar.
2020-05-26 15:08:46
Ошондо Жумалиев сот пот экспертиңи кошуп сатып алдыбы?
Жыйынтык Жумалиевтин пайдасына чыкканына караганда.
+16
Erik2018
2020-05-26 15:25:51
Кыргыздар бири бириңди чукуп отура бергиле чек арада чыр чыкса бириң жоксуң баягы эле таш көтөргөн Баткендиктер калганы баары показуха
+14
Jaznura
2020-05-26 15:43:27
Сыймыкка аз болсун.
-8
bekbol2006
2020-05-26 17:35:29
Жегичтер эч качан женилбейт
+9
akmanai
2020-05-26 23:56:20
Канчалаган саясатчылардын соту улам кийинкиге жылып чечилбей келе жатканын билебиз Жумалиевдин арызын кароого келгенде бат эле чечилип кеттиби эмне? Аман эле болгула да.
+6
suban78
2020-05-27 00:34:57
Сыймык Жапыкеевге тийбегиле. Ал хотя бы бир коррупционерди кустурду. Сыйлык бериш керек, медаль эле берип койбой материально керек болсо, уй же квартира бериш керек. Жумалиев тапканынын баары сеники деп суйлогон. Созуно турсун, бир квартирасын берсин хотя бы
+8
osor
2020-05-27 05:00:15
Президент ушуну адилет караш керек
+5
al-abu-kinesz
2020-05-27 12:06:45
Жумалиевге тиешелуу мулктор аныкталды, туугандарына катталган бирнече мулктор аныкталды дейт анан Жапыкеевдин созу жалган болуп чыкты... Мен тушунбой атамбы же кандай?
+4
erlan92
2020-05-27 12:08:29
Сыймыкты колдогула карап турбай,эртең накта кул жана күң болосуңар!
+7
Tolik777
2020-05-27 14:46:18
Эх Сыймык ава соттолуп кетет турбайбы. Кыргыз деп куйгондорду кысып атат го бул бийлик. Жумалиев буюрса кузат. Кийинки очередь Раимчик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан