Депутат айыл жерлеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарттар түзүлбөй жатканын айтты

Депутат Кубанычбек Нурматов айыл жерлеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарттар түзүлбөй жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"СССР убагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы шарттар, жумуш орундар түзүлчү эле. Бүгүнкү күндө андай болбой жатат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шаар чегинде окуганга, жумуш иштегенге шарттар түзүлүүдө. Айыл жериндегилерге жакшы шарттар түзүлбөй жатат", - деди Нурматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан