Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасын атып кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-май күнү болжол менен саат 23:20 чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБинин 102 кызматына кабар келип түшкөн. Анда ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын Манас кең көчөсүндө белгисиз ок атуучу курал менен 1977-жылы туулган А.С. аттуу адамды атып кетишкендиги кабарланган.
"Жалал-Абад ШИИБинин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн. Окуя болгон жерден маркасы белгисиз травматикалык ок атуучу куралдан атылган резина октору алынып, күбөлөр суралып, тиешелүү материалдар чогултулган. Топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Алдын ала жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Манас кең көчөсүндө болжол менен саат 22:00 чамасында жабырлануучу А.С. аттуу жаранды азия түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы 2 адам белгисиз ок атуучу курал менен 3-4 жолу атып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.