2013-жылдын жазындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү иштеринин жыйынтыгы менен алынган статистикалык маалыматка караганда облус боюнча 41 917 гектар жер айдалган. Анын ичинен 28 836 гектарына дан өсүмдүктөрү себилип, 16 672 гектарын буудай, 12 070 гектарын арпа 94 гектарын башка дан өсүмдүктөрү ээлейт. Ошондой эле 5955 гектарга картошка, 510 гектарга жашылча 6555 гектарга малга тоют болуучу чөп өсүмдүктөр себилген. 2012-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч менен дан эгиндери 1028 гектарга көп айдалганы белгилүү болду. Ал эми картошка 148 гектарга көбөйсө, жашылча-жемиштердин аянты былтыркы жылга салыштырмалуу 4 гектарга ашык айдалган.