Кыргыз өлкөсүндө электр жарыгын авариялык өчүрүү 15 пайызга кыскарганы айтылды. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айтмамат Назаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анда холдинг тарабынан абоненттерден акча жыйноо 101 пайызды түзгөнү айтылды.
"101 пайыз болгону бул эски карыздарыбызды дагы өндүрдүк деген сөз. Жоготууларга келсек, алар бир жылдын ичинде 0,4 пайызга кыскарды. Мындан тышкары 199 көмөк чордону коюлуп, 390 трансформатор алмашылды. 987 электр чубалгылары жаңыланды. Компаниялардын насыялык карыздары эң төмөнкү көрсөткүчкө келди. График түзүп, ошол боюнча төлөп кутулуп жатабыз. Жылдын аягына чейин компаниянын береселерин мүмкүн болушунча кыскартабыз деп турабыз. Биз мындан ары да башкаруу системи, эл аралык долбоорлор, санариптештирүү жана финансылык тартип боюнча жакшыртуу иштерин улантабыз", - деди Айтмамат Назаров.