Депутат: "Орусиядагы мекендештерге түшүндүрүү, моралдык жактан колдоо иштери жакшы жүрбөй жатат"

"Орусиядагы мекендештерге түшүндүрүү, моралдык жактан колдоо иштери жакшы жүрбөй жатат" деп бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

"Орусиядагы мекендештерди өлкөгө кайтарып келүү боюнча элчилик аракет кылып жатат. Бирок физикалык жактан жетишпей жатышат. Өкмөт карап чыксаңыздар, мүмкүнчүлүк болсо каржы маселесин чечип, бул жерде коомдордун башчысы, диаспоралардын башчысы жардам беришсе жакшы болмок. Түшүндүрүү, моралдык жактан колдоо иштери жакшы жүрбөй жатат. Алардын көпчүлүгү бизге кайрылышууда", - деди Тиллаев.

Ошону менен катар эле депутат Баткен облусунда жазгы талаа иштери аяктап, кээ бир аймактарда мөмө-жемиштер бышканын айтып, аны башка жакка алып чыгууда маселе жаралып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан