Транспорт министрлигинин 3 кызматкери коррупциялык схемаларды түзгөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ош-Бишкек мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пунктунда жайгашкан айдоочулар акы төлөп өтүүчү автоматташтырылган системди өздөрүнүн пайдасына колдонуп жүргөн.
"Автоматташтырылган системден өтүүдө айдоочуларга коюлган тариф белгиленген тартипте алынып турган. Бирок шектүүлөр унаага тиешелүү маалыматтарды өзгөртүү менен өздөрү үчүн акча ашыруу схемасын ишке ашырышкан. Дирекция кызматкерлеринин айдоочулардан акча алып, бирок аны автоматташтырылган системдин базасына кошпой койгондугу тууралуу Финполдун сүрөт түрүндөгү далилдери бар.
Аталган өткөрмө пункттарындагы маалыматтар (мамлекеттик номурлуу унаанын түрү, чет жактан келген номурлуу унаалар, бюджетке түшкөн акча каражатынын көлөмү) Транспорт министрлигиндеги жетекчилерге келип турган. Бирок алар тараптан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Натыйжада 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейин мамлекетке 10 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Белгилей кетүүчү нерсе, бул бир эле өткөрмө пунктунан түшкөн акча каражаты болгон", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, учурда "коррупция" беренеси боюнча иш козголуп, Ош-Бишкек мамлекеттик дирекциясынын үч оператору кармалган. Ал эми аткаминерлердин арасынан бул ишке катыштыгы барлар Финпол тарабынан такталып жатат.