Депутат Тынчтык Ураимов: "Эл Аскарбек Шадиевди кайрадан Энергетика министри болсо деп жатат"

"Мен Кара-Суу районунда эл менен жолукканда алар "Аскарбек Шадиев министр болуп турганда свет өчкөн эмес болчу, кайрадан Шадиев Энергетика министри болсо жакшы болот эле" деген ойлорун айтышууда". ЖКнын бүгүнкү жыйынында депутат Тынчтык Ураимов мындай сөздү Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго карата айтты. Депутаттын Ош облусунун Кара-Суу районунда 12-14 сааттан жарык өчүп жатканын, энергетиктер муну жогору жактын буйругу деп түшүндүрүп жатканын айтты. Муну министр моюнуна алып, оңдоп-түзөөлөр бүтсө, андай чектөөлөр токтой турганын убадалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан