Beeline байланыштын сапатын жакшыртууну улантууда: Өзгөчө кырдаал учурунда өлкө боюнча 27 жаңы 4G станциялары орнотулду

Beeline компаниясы байланыштын сапатын жакшыртууну улантууда. Жакында бүткүл өлкө боюнча 4G LTE жаңы базалык станцияларын ишке киргизди. Анын негизинде Beeline компаниясы жогорку ылдамдыктагы байланыш, жеткиликтүү интернет жана үн кызматтары менен камсыздады.

Өлкөдөгү оор кырдаалда Beeline биринчи кезекте өлкөнү үзгүлтүксүз жана сапаттуу байланыш менен камсыз кылууну негизги милдети катары кабыл алган. Компания кардарларды мындан да мыкты тейлөө үчүн өлкө боюнча 27 кошумча 4G LTE базалык станцияларын орнотуу менен тармактын жайылуу аймагын жана кубаттуулугун кеңейтти.

● Жалал-Абад облусу: Бешик-Жон, Бирдик, Кара-Жыгач, Мамай, Майлуу-Суу, Кош-Болот, Ак-Терек, Орто-Азия, Арал, Падек жана Кызыл-Туу айыл аймактары;

● Ош облусу: Алашан, Жаңы-Ноокат, Жар-Коргон, Агартуу, Кашкалдак, Кожо-Арык, Өсөр, Монок, Жылкелди айылдары;

● Чүй облусу: Юрьевка жана Милянфан айылдары;

● Ысык-Көл облусу: Балтабай (Кызыл-Дыйкан) жана Ак-Терек айылдары;

● Баткен облусунун Өрүкзар айылы;

● Талас облусунун Кең-Арал айылы;

● Бишкек шаары: Чолпон-Ата көчөсү, Автоунаа тетиктерин чогултуучу заводдун аймагы.

2020-жылдын башынан бери бүт өлкө боюнча 85 жаңы 4G LTE станциясы ишке киргизилди. Толук Beeline тармагын камтуу картасын 4G / 3G / 2G түйүн ичинде же https://beeline.kg/ru/4g сайтынан көрүңүз.

Жаңы станцияларды куруудан тышкары Beeline компаниясынын техникалык адистери мүмкүн болгон көйгөйлөр жөнүндө маалыматты дээрлик аз убакытта алышат. Алар маселелерди тез арада чечип, теле коммуникация жабдууларын жогорку сапатта жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздай алышат.

Beeline: Сизге жана жакындарыңызга кам көрүү!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан