Москва шаарынын полиция кызматкерлери пикетке жалгыз чыккан журналист Илья Азарды кармады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Ага ылайык, журналист 15 суткага камалганы айтылат.
"Ал Москва шаарынын көчөлөрүндө эпидемиологиялык абалга байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган деген жүйө менен кармалган. Журналист "Полициянын акыйкатчысы" паблигинин негиздөөчүсү Владимир Воронцовду колдоп, нааразычылык акциясына чыккан. Белгилүү болгондой, Владимир Воронцов май айынын башында мурдагы полиция кызматкеринен 300 миң рубль опузалап алууга шектелип, андан соң сот тарабынан камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.