Ак-Суу районундагы карантиндик режим толук жоюлду

Кара тумоого байланыштуу Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун аймагында жарыяланган карантиндик режим толугу менен жоюлду. Муну 5-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Министрлик буларды билдирет: Бүгүнкү күнгө чейин райондогу 13 266 үй-жай текшерилди. 65 693 жаран, мунун 24 207си жаш балдар кароодон өтүп, кара тумоо дартын жуктуруп алгандар катталган жок. Ооруканада жаткан акыркы 4 адам бүгүн, 5-сентябрда үйлөрүнө чыгарылыптыр. Ак-Суу райондук ооруканасынын аймагынан да карантиндик режим жоюлуп, кара тумоонун очогу жок кылынганы белгилүү болду. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан