Жалал-Абад облусунуну Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 28-май күнү саат 19:10 чамасында катуу шамал катталган. Анда Тандоо айылынын Арпачиев көчөсүндө жайгашкан №3 турак үйдүн бастырмасынын жана №4 турак үйүнүн сарайынын чатырларын учуруп кеткен.
Ошондой эле Акман айыл аймагынын Жараке айылындагы Кахаров көчөсүндө жайгашкан бастырманын чатырын учуруп кеткен. Кызматкерлер тактоо иштерин жүргүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду.
Жерине Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иштери жүргүзүлгөн.
Катуу шамал Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында дагы катталып Алма айылында 1 турак үйдүн, 2 бастырманын жана А.Сатаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин чатырын учуруп кеткен.
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Токой айылында Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 18-19-чакырым аралыктарын суу каптап, кум-шагылга толтурган.
Жеринде 1 грейдер, 1 самосвал жана жүктөгүч тартылган.
Тартылган техниканын жардамында унаа жол бир тараптуу тазаланган. Толук тазалоо иштери бүгүн, 29-май күнү улантылат.