АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай менен Индиянын ортосунда келишпестиктер болуп жатканын айтып, аларга арачы болууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Трамп америкалык журналисттерге билдирген.
"Индия менен Кытайдын ортосунда чоң жаңжал бар. 1 миллиарддан ашык калкы жана эң күчтүү армиясы бар эки мамлекеттин ортосунда келишпестиктер орун алып жатат. Индия бул жаңжалга каршы, балким, Кытай дагы каршы болушу мүмкүн. Мен Индиянын премьер-министри Моди менен сүйлөштүм. Ал Пекин менен болуп жаткан чыр-чатактарга такыр макул эместигин айтты. Мен алардын ортосунда ортомчу болгум келет", - деген Трамп.
Өткөн аптада Индия аскер батальондорунун Кытай менен чектеш Ладакх көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылардын ортосунда атышуу болуп, анын натыйжасында индиялык аскерлер кармалып, кийин бошотулган.
Андан кийин Кытайдын Индиядагы элчилиги коронавирустун жайылышына байланыштуу Кытай жарандарын Индиядан алып кетерин жарыялаган. Көптөгөн индиялык маалымат каражаттары бул кадамды Ладакхтагы чыңалуунун күчөшү менен байланыштырышты.