Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча сот отуруму өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Курсан Асановдун иши боюнча процесс бүгүн, 29-май саат 14:00гө белгиленген", - дейт маалымат катчы.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.