«Керемет Банктан» «Тулпар» картасын таптакыр акысыз онлайн толуктоого болот

Бишкекте шаардык автобустар менен троллейбустар өз ишин жандантты, аларда жүрүү үчүн «Тулпар» бирдиктүү төлөм картасынын жардамы менен накталай эмес акы төлөө кабыл алынат. Карталардын үч түрү бар: көк – стандарттуу, жашыл – мектеп окуучулары үчүн, кызыл – ардагерлер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеңилдиктүү.

«Керемет Банктын» интернет-банкингинин жардамы менен жүргүнчүлөр «Тулпар» унаа картасынын теңдемин өздөрүнүн уюлдук телефондорунан же компьютерлеринен 24/7 шарттамында комиссиясыз көз ирмемде толуктай алышат.

Бул үчүн зарыл:
түшүүчү тизмеден «Тулпар» картасы» (Электрондук чыпталоо)» талаасын тандоо: веб-версиядан «Кызмат көрсөтүүлөрдү тапшыруучуга акы төлөө» бөлүмүн, ал эми уюлдук версиядан – «Башкалар» тиркемесиндеги «Төлөмдөрдү»;
сунушталган талааларда картанын бет эсебин толтуруу жана унаа картасына акча которуунун суммасын көрсөтүү төлөмдү жасоо.

«Тулпар» унаа картасынын теңдемин «Керемет Банктын» терминалдык-банкоматтык жабдуусунан да минималдуу комиссиялар менен толуктоого болот:
же болбосо төлөм терминалдары жана cash-in кызматы бар банкоматтар аркылуу накталай акча салуу;
же болбосо зарыл сумманы өз төлөм картасынан накталай эмес ык менен банкоматтар аркылуу которуу.

Айтмакчы, «Керемет Банктын» кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болгон онлайн-сервистери аркылуу 300гө чейинки ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө, анан калса алардын чоң бөлүгүнө комиссиясыз акы төлөөгө болот. Бул ыңгайлуу гана болбостон, пайдалуу дагы.

«Тулпар» унаа картасын толуктоо жана «Керемет Банктын» башка банктык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө бардык суроолорду байланыш-борборуна +996 (312) 55 44 44, +996 (557) 55 44 44 (WhatsApp) телефондору боюнча же сайттагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу даректөөгө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан