Өкмөт: "Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө 195 миллион сом жумшалат"

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын кесип өткөн чийменин жалпы узундугунун 60 пайызы макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлап, учурда Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеген.

Ага ылайык, Кыргыз-Өзбек чек арасын кесип өткөн сызыктын жалпы узундугунун 95 пайызы өз ара макулдашылган.

"Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 38 отуруму, топографиялык жумушчу топтун 47 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун 21 жолугушуусу өттү.

Ушул жылдын башында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 2 жолугушуу болду. Биринчиси 21-25-январда Бишкек шаарында жумушчу топтордун деңгээлинде өттү. Экинчи жолугушуу 21-22-февралда Баткен шаарында өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде болду. COVID-19 пандемиясынан улам жаңы жолугушуулар өткөрүлө элек.

Тажикстан Республикасы менен чектешкен Баткен облусундагы бир катар калктуу конуштарда объекттерди куруу жана жер ресурстарын пайдалануу сындуу талаш-тартыш маселелер чыгып, белгилүү бир чыңалуу байкалууда. Жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат анда.

Анда Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 31 отуруму, топографиялык жумушчу топтордун 96 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун 2 жолугушуусу өткөрүлгөнү белгиленген. Бүгүнкү күндө өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабы ишке ашырылып жатат.

"Программа 33 иш-чараны камтыйт, аларды ишке ашырууга 296 миллион 250 миң сом каралган. Бул каражаттардын ичинен 195 миллион сом Баткен облусундагы өзгөчө макамы бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө багытталат", - деп маалымдалды өкмөттөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан