"Сен өзгөчөсүң! Сенин ордуңа канчасы талапкерлигин койду, бири да жетпеди". Ырчы Анжелика жүрөгүн ээлеген сезимдерин ачыктады

Ырчы Анжелика Инстаграм баракчасына көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан билдирүү калтырды. Ал буга чейин айтыла элек сүйүүсү, ага болгон сезимдери, экөөнүн мамилеси тууралуу биринчи жолу жазып чыкты.

"Эми мага баары бир, алгачкы сүйүүмдү ачыктайм! Мен сени менен таанышканыма көп жылдын жүзү болду. Так санын билбейм го, бирок эс тарткандан бери тааныйм. Ошол күндөн бүгүнкүгө чейин жүрөгүмдүн төрүндө жашап келесиң. Балалыгым, студенттик күндөрүм, турмушумдагы кооз даталардын ар бири сени менен коштолду, аны жакшы билесиң. Азыр отуруп ойлондум, сенсиз жашай алчудай эмесмин. Сезимдерим менен бөлүшөйүн деп чечтим", - деп баштаган Анжелика сүйүктүүсү тууралуу.

Андан соң ырчы айым жүрөгүнүн "ээси" менен кантип таанышканына токтолгон.

"Эсимде, биринчи жолугушуубузда апкаарып, кубанып, жан дүйнөм жыргап, дүйнөдө менден өткөн бактылуу адам жоктой туюлган. Бир көрүп сүйүп калгам. Алгач экөөбүз кокустан соода борбордон таанышып калганбыз. Мен сени дароо байкагам. Эх, ошол аруу күндөр, ошол сезимдер... Канча убакыт өтсө да бүгүнкү күнгө чейин өчпөй жашап келет. Билесиңби, сени көпкө көрбөй калсам куса болуп, жашоомдун маңызы жоголгондой көңүлүм муңая түшөт. Өзгөчөсүң! Менин эле эмес, көп адамдын көңүлүн алган кереметсиң. Сени биринчи көргөндө эле экөөбүз бири-бирибиз үчүн жаралганыбызды туйгам. Сени күндө көргүм келет, бирок ашыкча болуп кетеби деп корком. Сени эч кимге көрсөтпөй, өздүк кылып алгым келет, бирок катып жүрүүгө сени мүмкүн эмес...

Сенин ордуңа канчалагандар талапкерлигин койду, бирок баары сага жетпеди.

Эч кимди өзүнө теңебес кандай күчүң бар, айтчы?! Мен билем, сен табиятыңдан жөнөкөйлүгүң менен бийик турасың. Эх, алтыным, ушунуңдан жазбачы, өзгөрбөчү, өзгөрсөң да жакшы жакка өзгөр. А мен сени түбөлүккө сүйө берем, @berengold.kg`ден алган колумдагы жүрөкчөсү бар билеригим", - деп жүрөк сырынын аягын жыйынтыктаган ырчы.






кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан