Бүгүн, 29-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Айры-Там айылында катуу шамал жүрүп, турак жайлардын чатырын учуруп, ток чубалгыларын үзүп кетти. Бул тууралуу айылдын жашоочусу Алишер Тажибаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Кудай, бөөдө кырсыктан сакта! Бүгүнкү жаратылыш кырсыгы айылыбыздагы турак жайлардын чатырларын учуруп, ток чубалгыларына теректер кулап, көп зыянга учуратты", - деп жазган айыл тургуну.