Хирург Мамбет Мамакеев: "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүдөгү жол татаал болду"

Кыргыз медицинасына опол тоодой салым кошкон 93 жаштагы хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев эң узак убакыттан бери хирург болуп иштеп келе жаткан дарыгер катары "Гиннесстин рекорддор" китебине кирди. Маалыматка ылайык, рекорд 2020-жылдын 29-февралында катталган. Анда Мамакеев хирург катары 67 жыл 181 күн иштегени айтылат.

Мындан улам SUPER.KG порталы Мамбет Мамакеевди сыйлыгы менен куттуктап, анын иш кеңсесине баш бакты. Ал бул сыймыктана турган жаңылык тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору, Кыргыз өлкөсүнүн баатыры,
академик - Мамбет Мамакеев.

"Албетте, бул жаңылыкты уккандан бери мени баары куттуктап жатышат. Чынында бул жеке мен үчүн эмес, хирургдарым үчүн, жалпы өлкө үчүн сыймык. Мындай Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында болгон эмес. Жол ачылса алар келип, мага диплом тапшырып, операцияма катышып кетишет экен. Мен абдан кубанып жатам", - деди Мамакеев.

Эл сыймыгы бул ийгиликке алып келген жол кандай башталганын баяндап берди. Мамакеевдин айтканына таянсак, өз тармагында ийгиликке жетүү чынында оңой болгон эмес. Ал "өтмүшүмдү айтсам мага беш күн да аздык кылат" дейт.

"Мен 93 жаштамын, бул жаш деген чынында оңой жаш эмес. Бирок 93 жаштамын деп, жатып алган жерим жок. Бүгүн 4 операция жасап чыктым. Бул системде хирург болуп иштегениме 68 жыл болду. Бишкекке 1946-жылы орусча бир сөз билбей кыштактан келгем. Ординатура, аспирантура, ассистент, доктор, андан кийин кафедра башчысы болуп иштедим. Айтып келем, айтып жүрөм, менин балалыгым өтө кыйын учурда өттү. Анткени балалыгым 1941-жылдагы уруш убагына туш келди. Мен болгону 14 жаштагы бала болчумун. Ал учурда окуу өтө кыйын эле, ага шарт да жол берчү эмес", - деди ал өтмүшүн айтып жатып.

Мамбет Мамакеев үй-бүлөсү менен

Мамбет Мамакеев негизги колдоочусу Кудай экенин жана канчалык талант болбосун эмгек болбосо, майнап чыкпай турганына төмөнкүчө токтолду: "Кудайдын көзү түз болду. Ишим биринчи күндөн тарта зымга тизгендей түз кетти. Болбосо кыялым чатак, орой, ачык сүйлөгөн кишимин. Мендей адамдардын бул кесипте кармалуусу мүмкүн эмес эле".

Академик ар бир маегинде энекесин эстебей коё албайт. Ал бул саам да апасын эстеп, жашка муунуп кетти. Айтымында, жокчулуктан алар далай азап-тозокту көрүп, энеси ачкалыктан балдарым эмне жейт деп көп кейиген күндөрү болгонун эскерди.

"Энем жөнүндө сөз болгондо азыр да муунуп кетем. Энемди эстебей калган бир күнүм боло элек, кайда жүрбөйүн, эмне кылбайын бардык жерде энекем эсимде. Жокчулукта, кедейчиликте жашадык. Энем 17 бала төрөптүр. Ачкачылык, заман кыйын, анда төрөлгөн бала эле өлө берип, жаны бышыктары гана тирүү калчу. 1943-жылы эң кичүү иним төрөлгөн. Мен төрөт жакындаган сайын корком. Төрөйүн деп, апам кыңылдап калганда атамдын карындашы бар эле, ошого жетип барып, чакырып келдим. Бир маалда апам төрөп койду, тымтырс, үн чыгарган жок. Анда азыркыдай электр жарыгы жок болчу. Ал эмес төрөлгөн баланы орой турган чүпүрөк жок. Эч нерсе жоктугунан төрөлгөн баланы жаман бөзгө ородук. Эртеси баланы таң атканда көрүп эсим чыгып кетти. Ойлоп көрсөм энем төрөгүчө ырыстуу тамак ичпептир. Кудай өмүр берип ошол бала аман-эсен чоңойду", - деди хирург.

Мамбет Мамакеевдин апасы Батый Акунова

"Ошол иним былтыркы жылы ноябрь айында 76 жашка чыгып каза болду. Ал 6 балалуу, 15 неберелүү болду. Тирүүсүндө энемдин сүтүн актоого жакшы аракет кылдым. Айылга барганымда менин келээримди угуп чыныга суу даярдап, эшиктин алдында мени күтүп олтурчу. Энемдин айтканынын баарын аткарчумун. Бир саам айылга барсам, энем чыныга суу куюп, адаттагыдай күтүп олтуруптур. Ал чыны сунса, койчу ай, эне, кечке эле ушинте бересиңби деп басып кеттим. Артымдан кубалап барып чыныга түкүрттү. Ошондон көп өтпөй энекем каза болуп калды. Келерки жылы ал үйгө барсам, тымтырс, бүт баары өлгөндөй. Ошондо заманым куурулуп, сарайдын артына өтүп ызамдан өкүрүп алдым", - дейт жашка муунган Мамакеев.

Мамбет Мамакеев

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал 93 жашка келип калса дагы бүгүнкү күнгө чейин операция жасап келет. 68 жылдык карьерасында 30 миңден ашуун операция жасаган. Бир катар илимий иштердин автору, медицина илимдеринин доктору, профессор.

Сыйлыктары Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, 3-даражадагы "Манас" ордендеринин ээси. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын баатыры, эл аралык "Алтын фортуна" сыйлыгынын медалы, Хирургдар коомунун эстелик алтын медалы, Саламаттыкты сактоонун отличниги, Эл агартуунун отличниги төш белгилери, Эмгек ардагери медалы, Эл аралык "Рухният" ассоциациясынын алтын медалы жана башка бир канча сыйлыктардын ээси.

Мамбет Мамакеев бала-чака, небере жана чөбөрөлөрү менен дөөлөттүү жана бактылуу карылык доорун сүрүп жаткан учуру. Биз да ага ден соолук тилеп, батасын алып кайттык.

Хирург Мамбет Мамакеев “Гиннесс рекорддор китебине” кирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talaa11
2020-05-30 19:15:17
Омурунуз узун,ден-соолукунуз бекем болсун. Жуз жашка чейин кесибинизди уланта бериниз
+4
taalay25
2020-05-30 20:30:42
Улуттук хирургия борбору офицалдуу турдо Мамакеевдин аты берилбесе да эл аны Мамакеев деп тааныйт. Бул дагы синген эмгектин белгиси
+5
Bekish-
2020-05-30 20:53:13
taalay25,оа мен кичинекей кезимде апам Мамакеевке барып келдик деп айтып калчу эле
+3
Adi010891
2020-05-30 22:21:17
Мына ушул инсанды баатыр, Кыргыз эл жерине эмгеги синген деп айтса болот
+5
jike
2020-05-31 23:20:17
Козу отуп кетелекте сыйлап калалы. Козу откондон кийин канча мактабайлы Бир тыйын болуп калат
+2
Sayragul
2020-06-01 09:32:47
Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, биз сыймыктанып, сыйлаган атактуу хирург-врач. Дагы талыкпай копко жашаныз биздин Алтын колдуу Баатыр Врач Атабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан