Илон Маск космоско кемесин ийгиликтүү учурду

Бүгүн, 31-майда (Бишкек убактысы боюнча 01:22де) Илон Маск Crew Dragon аттуу пилоттук космостук кемесин космоско учурду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, экипажда Даг Херли жана Роберт Бенкен аттуу НАСАнын эки астронавты бар. Кеменин биринчи жана экинчи бөлүктөрү ийгиликтүү бөлүнгөн. Crew Dragon учурда орбитада. Кеменин учуусун АКШ президенти Дональд Трамп өзү карап турду.

Бул Илон Масктын кемени космоско учурууга болгон экинчи аракети. Буга чейин 27-майда кеме аба ырайына байланыштуу учпай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirenaaaaa
2020-05-31 22:46:49
Мени да кошуп учурушса болмок, аябай эч ким жок жерде эс алгыла келип жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан