Кыргызстанда автоунааларга төлөнчү салыкты чогултуу 102,8 пайызга аткарылды. Мамлекеттик салык кызматы быйыл кыймылдуу мүлккө болгон салыктан 533,5 миллион сом чогулганын айтат. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга көп. План боюнча 519,2 миллион сом чогултуу тапшырмасы коюлган экен. Белгилей кетсек, автоунааларга болгон салыкты төлөө 1-сентябрда аяктады.