АКШнын Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазионун 25 жаштагы кызы Кьяра де Блазио акыркы бир аптадан бери өлкөдө болуп жаткан нааразычылык акциясынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Кьяра де Блазио Манхэттендин 12-көчөсү менен Бродвей көчөлөрүнүн кесилишинде 100дөй адам менен чогуу кармалган. Учурда ал камактан бошотулду.
Эске салсак, АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы полиция тарабынан кармалган 46 жаштагы теги африкалык Жорж Флойддун полиция кызматкери тарабынан кыйнап өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Бул нааразычылык акциясынан улам өлкөнүн 25 шаарына коменданттык саат киргизилген.