АКШда 25-майдан бери өтүп жаткан нааразычылык акциясы өлкөнүн борбору Вашингтон шаарында дагы уланды. Акцияга чыккандар Ак Үйдүн жанына келишкенде президент Дональд Трамп жер астындагы бункерге эвакуацияланган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ак Үйдүн жанындагы акцияга катышкандар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган. Мындан улам президент Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп жана алардын уулу Беррон Ак Үйдөгү жашыруун кызматкерлер тарабынан коопсуз делинген жер астындагы бункерге эвакуацияланган. Алар бункерде бир сааттан ашык убакыт болушкан. Дональд Трамп бул окуядан кийин жашыруун кызматты социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мактоого алган.
Азыркы учурда Вашингтон шаарына коменданттык саат киргизилген.
Эске салсак, АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда теги африкалык болгон Жорж Флойддун полиция кызматкери тарабынан кыйноого алынып өлтүрүлгөндөн кийин башталды. Нааразычылык акциясынан улам өлкөнүн 25 шаарына коменданттык саат киргизилген.