Баткендин Кадамжай районунда Кыргыз-Өзбек чек ара чатагынан улам ооруканага кайрылгандардын саны 25ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айдаркендеги ооруканага жалпы 25 жабырлануучу кайрылды. Алардын төртөө гана учурда ооруканада. Эки кишинин абалы оор деп бааланып жатса, эки бейтап орточо оор абалда", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору төрт жарандын экөө абалы орточо оор деп бааланып жатса, экөөнүкү туруктуу деп билдирген.