Таракандын сүтү адам организми үчүн пайдалуу азыктардын бири болушу мүмкүн. Мындай жыйынтыкка азык-түлүк жаатындагы эксперттер изилдөө жүргүзүү менен келишкен.
Маалыматта эксперттер калкка "уникалдуу азыктандыруучу тамакка кошумча азыкты" сунуш кылып жатышканы айтылат.
"Көбү мындай маалыматты укканда таң калганын жашырышкан эмес. Адамдар "таракандан сүт кантип саалат?" деген суроону беришкенден тажашкан эмес. Буга жооп катары адистер таракандар түркүмүндө тукумун сүт менен баккан бир эле түр бар экенин билдиришкен. Ал "Diploptera punctate" деп аталган үй коңузунун түрү экени айтылган. Эксперттер бул таракандын организминен сүт белогунун кристаллдарын табышкан. Энергетикалык баалуулугу үй сүтүнөн бир канча эсе күчтүү экени белгиленген. "Анын кристаллдарында адамга пайдалуу майлар, белоктор, канттар болсо, белокторунда амин кычкылдыктары бар" дешкен окумуштуулар. Бирок мындай табитсиз булактан алынган сүт азыгын тамакка кошууну каалагандар аз болушу мүмкүн. Ага карабастан, көпчүлүк өлкөлөр үчүн бул жаңы ачылыштагы азык көп учурда жардамга келиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.