Индиядагы катуу шамалдын кесепетинен 40тан ашык адам каза болду

30-майда Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон катуу шамал 43 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн расмий кызматтары билдиришти деп чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Уттар-Прадеш штатынын башчысы Йоги Адитьянатх жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 400 миң рупий (392 миң сом) төлөп берүүнү тапшырган.

Мындан сырткары бул туруксуз аба ырайы шаардагы бир нече имаратты жараксыз абалга келтирген.

Уттар-Прадеш штатында бүгүнкү күндө да секундасына 50-60 метрге жеткен катуу шамал орун алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан