2013-жылдын 8 айында Ош шаарында 153 өрт кырсыгы катталды. Өрттүн айынан мамлекетке 11,5 миллион сомдук зыян келтирилгенин Мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси Эрмек Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, 8 ай аралыгында өрт кырсыгынын кесепетинен 7 адамдын денеси күйүп, 4 адам көз жумду.