Бишкекте Лексус унаасы менен МАИчилерди тоготпой качып, "Суранчиевге, Мелис байкеге телефон чалам" деп коркуткан айым Росинбанкта (мурдагы "Азия универсал банкы") иштейт. Муну аталган банктан ырасташты. Аты Назик эмес, Назгүл Чодронова экен. Банктын байланыш борборунун адиси "Назгүл Чодронова азыр бош эмес, 2 сааттан кийин чалгыла",- деп билдирди. Айта кетсек, Чодронованын МАИчилерди тоготпогондугу тартылган видео бүгүн SUPER.KG порталына жүктөлүп, тийиштүү органдар менен байланышууга аракет кылдык. Окуя боюнча Бишкек ШИИБи учурда териштирүү жүрүп жатканын айтты.