Өлчөмү 250-570 метр болушу мүмкүн болгон коркунучтуу астероид ишемби күнү жерге жакындайт. Бул тууралуу НАСАнын окумуштуулары билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коркунучтуу астероид биздин планетадан минималдуу аралыкта 6-июнь күнү саат 9:20да (Бишкек убактысы боюнча) учушу керек. Окумуштуулардын айтымында, бул жолу астероид Жер менен кагышып кетпеши керек. Анткени ал Айдын орбитасынан 13 эсе алыс өтөт.
Бирок бул астероид потенциалдуу кооптуу болуп эсептелет. Анткени анын траекториясы биздин планетанын орбитасын кесип өтөт.