АКШда өтүп жаткан массалык нааразычылык акциясында мародёрлор дүкөндөрдү тоноп жатышат

АКШда өтүп жаткан нааразычылык акциясында мародёрлор дүкөндөрдү тоноп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкан.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарында нааразычылык акциясына чыккан мародёрлор кечкисин дүкөндөрдү тоноп кетишүүдө. Алар көбүнчө техника, спорттук жана ар кандай жасалгаларды саткан дүкөндөрдөгү товарларды тоноп кетишкен. Жалпысынан 10дон ашуун дүкөн тонолгону айтылат.

АКШда болуп жаткан массалык нааразычылыктан улам өлкөнүн 16 штатындагы кеминде 25 шаарга коменданттык саат киргизилген. Дүкөн ээлери кеч киргенге чейин эле витриналардагы товарларын алып, дүкөндөрүн эрте эле жабууга шашылып жатышкандыгы айтылат.

АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы полиция тарабынан кармалган 46 жаштагы теги африкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Флойдду кармаган полиция кызматкери Дерек Човин кыйноо жолу менен аны өлтүрүп койгон. 29-майда полиция кызматкери адам өлтүргөн деген айып менен камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
001KG
2020-06-02 14:22:40
Азаматтар десе, ушинтип трамптыда кууп чыккыла.
+1
bayern-munchen
2020-06-03 14:07:34
булар дагы кыргыздарга окшош экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан