Чикагодогу баш аламандыкта эки адам каза болуп, дагы эки жаран жаракат алды. Баш аламандык Чикагонун Сисеро шаарында орун алган. Мындай абалга теги африкалык Жорж Флойддун өлүмү себеп болгондугун дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.
Анда жазылган маалыматка караганда, баш аламандыктын кесепети 2 адамдын өмүрүн алганын шаар мэри Рэй Ханания тастыктаган.
Мындан сырткары ал жерден 60 адам кармалган. Жорж Флойд полиция кызматкери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн.
Эске салсак, теги африкалык болгон Жорж Флойд жасалма чекти колдонуп, 20 доллар алган деген шек менен полиция кызматы тарабынан кармалган. Полиция кызматкерлеринин бири анын моюнун кысып, бул абалда алты мүнөт кармаган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал эсин жоготкон. Маркум "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Баш аламандык башталгандан кийин 4 полиция кызматкери жумуштан бошотулган. Алардын ичинен бирөө кокустан өлтүрүп алууга күнөөлөнүүдө.