Дүйнөдө жаңы миллиардер пайда болду. Жер жүзүндөгү эң бай адамдардын катарын жаңыдан толуктаган миллиардер "Shenzhen Kangtai Biological Products" фармацевтикалык компаниянын башчысы, кытайлык магнат Дю Вэйминдин мурдагы жубайы Юань Липинг экендиги белгилүү болду.
49 жаштагы Юань Липинг жолдошу менен ажырашкандан кийин компаниянын 3 миллиард 200 миллион долларга бааланган акциясына ээ болгон. 2011-2018-жылдары Юань Липинг жолдошунун фармацевтикалык компаниясынын директору кызматын аркалап келген. Учурда аталган компаниянын Пекиндеги Beijing Minhai Biotechnology филиалын башкарып келет.