Сөөлжан жегизген. Кытайда ишин жакшы аткарбай койгон кызматкерлерди жетекчилик жазалады

Кытайда интерьердик фирмада иштеген кызматкерлерди жумуштагы иш планды так аткара албай калгандыгы үчүн жетекчилик сөөлжан жедиртип жазалады. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.

"Окуя Гуйчжоу провинциясында орун алган. Жазаланган кызматкерлердин сөөлжандарды ооздоруна салып, аны суу менен жутуп жаткандагы видеосу социалдык тармактарга тараган. Бирок видео фирманын жетекчилиги тарабынан оперативдүү түрдө өчүртүлгөн. Кийинчерээк бул фирмада иштегендерди жазалоонун бир нече ыкмасы бар экендиги аныкталган. Мисалы, түзүлгөн келишимге ылайык, кызматкерлерди тирүү балыктарды жеп, даараткана жууп, өз эсебинен офистегилердин баарына түшкү тамак алып берип же 500 юань айып пул төлөшү керек деген талаптар болгон", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча укук коргоо органдарында териштирүү иштери башталганы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AdylbekB84
2020-06-02 14:53:52
Кытай менен Индия дүйнөнү таң калтырып бүтпөйт экенда!
+2
001KG
2020-06-02 15:05:26
Жегизгени кытайлар үчүн жаза эместа, на оборот жегизсе буларга жагатта.
+5
Bars88
2020-06-02 17:59:08
Балык курт жегизсе кайра кайра ишин чала аткара беришетго атайы
+1
mirlanpiter
2020-06-02 20:32:50
Биздин чиновниктер анаконданы да жеп салышат,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан