Маданият министри Малик Аликеевге бир катар колдоолор көрсөтүлө тургандыгын айтты

Белгилүү ырчы Малик Аликеев кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жатканы кабарланган. Ошондой эле ага операция жасатуу керек экенин ырчынын продюсери Чынара Итигулова айткан.

Жогорудагы кабарлардан кийин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ырчы менен кабарлашып, ал-жайын сурады. Бул тууралуу министр билдирүү жасады.

"Малик Аликеев агабызды жакындан көрүп келүүнү кааладым эле, бирок Таласта болгондугуна байланыштуу видео байланыш менен сүйлөшүүгө туура келди. Көпкө сүйлөштүк, акыбалын, чыгармачылыгын талкууладык. Министрлик тараптан бир канча колдоо көрсөтөөрүбүздү (операциясына) жана быйыл 31-августка карата сыйлыка көрсөтөөрүбүздү билдирдим", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-06-02 17:14:14
Жакшы кабар алганыңар, кичине болсо да дем күч берет, муну жайында жаткан гана адам түшүнөт!
+4
Nur777
2020-06-02 17:35:19
Жакшы жанылык,азаматсынар!
+1
Ali2016
2020-06-02 22:11:58
Жакшы жаңылык эми аягына чыгып аткарсаңар сүйүнүп калат Малик Аликеев
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан