"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 6 жарым миллионго жакындап калды

3-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 376 миң 822ге жетти. Алардын арасынан 2 миллион 728 миң 363 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 380 миң 180 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 831 миң 730 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 463 миң 868 адам сакайып, 106 миң 180 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен алышкандардын саны 555 миң 383кө жетти. Андан 223 миң 638 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 31 миң 199 адам каза болду.

Орусияда 423 миң 186 адам коронавирус илдетин жуктуруп катталды. Арасынан айыгып чыккандар - 186 миң 602, көз жумгандар - 5 миң 31.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан