Америка Кошмо Штаттарындагы баш аламандыкта 11 адам каза болду. Мындай абалга теги африкалык Жорж Флойддун өлүмү себеп болгон. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Ага ылайык, каза болгон 11 адам Чикаго, Детройт, Омаха, Девенпорт, Окленд жана Луисвилл шаарларында катталган. Алардын көпчүлүк бөлүгү теги африкалык адамдар болгон. Мындан сырткары баш аламандыкта болжол менен жүздөгөн адам жабыр тарткан. АКШдагы баш аламандык 8 күндөн бери уланып жатат.
Эске салсак, теги африкалык болгон Жорж Флойд жасалма чекти колдонуп, 20 доллар алган деген шек менен полиция кызматы тарабынан кармалган. Полиция кызматкерлеринин бири анын моюнун кысып, бул абалда алты мүнөт кармаган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал эсин жоготкон. Маркум "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Баш аламандык башталгандан кийин 4 полиция кызматкери жумуштан бошотулган. Алардын ичинен бирөө кокустан өлтүрүп алууга күнөөлөнүүдө.