"Ал кызын аябай жакшы көрчү". АКШда полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн Жорж Флойддун үй-бүлөсү билдирүү жасады

АКШда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойддун аялы Рокси Вашингтон күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин билдирүү жасаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, Жорж экөөнүн ортосунда 6 жаштагы Жианна аттуу кызы бар жана атасы кызын аябай жакшы көрчү. "Ал кызынын кандай чоңойгонун, мектепти бүтүргөнүн эч качан көрбөйт. Кызыма атасы керек. Тилекке каршы, атасы эми жок. Мен адилеттүүлүктү каалайм. Ким кандай ойдо болбосун, Жорж абдан жакшы адам эле", - деген маркумдун аялы Вашингтон.

Эске салсак, 25-майда теги африкалык болгон Жорж Флойддун полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөндөн кийин АКШда нааразычылык акциясы күч алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kona8631
2020-06-03 11:39:12
Кылмышкер болчу экен го
-2
Tazah
2020-06-03 21:17:35
Жорж флойд ким болгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан