Карантин учурунда телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге министрликтин ыраазычылык баракчалары берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Министр Каныбек Исаков өзгөчө абал шартында аралыктан окутууга катышкан, телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана карантин учурунда телесабактарга тартылгандыгы үчүн 9 мугалим “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Ушундай эле эмгеги үчүн 35 мугалимге Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылганы айтылат маалыматта.