МАИ кызматкерлерин тоготпогон айдоочу Назгүл Чодронова окуя болгон учурда кимге чалганы териштирилүүдө

МАИ кызматкерлерин тоготпогон айдоочу Назгүл Чодроновага байланыштуу протокол түзүп, материал толтурбагандыгы жана анын унаасынын номерин кайра кайтарып бергендиги үчүн Жол кайгуул кызматынын инспектору Улан Макеевдин күнөөсү бар же жок экендиги териштирилет. “Бул окуяда инспектордун да күнөөсү бар. Анын күнөөсү канчалык деңгээлде экени билингенден кийин ага карата чара көрүлөт”,- деп билдирди Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы. Интернет булактарына жүктөлгөн видео тасмада белгилүү болгондой, Жол кайгуул кызматкерлери токтоткондо токтобой артынан куудурган айдоочу айым Назгүл Чодронова кызмат ордуна жеткенде гана токтогон. Ал инспекторго себепсиз токтотуп жатканын жана А.Суранчиевге, "Мелис байкеге" чаларын айтып коркуткан. Көп өтпөй айдоочу айым кимдир-бирөөлөргө чалып, окуяны айтып берген. Андан соң Жол кайгуул кызматынын инспектору Улан Макеевге да телефон чалуу болуп, ал жол эрежесин бузган айымдын унаасынын чечилип алынган номерин кайра кайтарып берген. Бул боюнча эч кандай протокол түзүлүп, материал толтурулган эмес. Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы окуя болгон учурда Н.Чодронова кимге чалганын териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. “Эгер ал адам биздин кызматкерлердин катарындагы эле бирөө болсо, ага карата чара көрүлөт”,- деп билдирди ШИИБдин басма сөз кызматы. 

Таанышым министр Суранчиев деп МАИни көзгө илбеген айым
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Asus84
2013-09-06 13:02:50
камаш керек сразу мунун ордунда башка аял болгондо камап салмак
0
Neba.
2013-09-07 11:02:52
Asus84, закон ыйлайт байкуш Танка аял го кудай карап турат бул катынды сазайын берет авария болсо эмне болмок
0
zarlyk2211
2013-09-06 13:11:53
Эми байкуш Уланды иштен кетирбесе болду. Командири кайра бер десе беретда. Ошо кимге званок кылса ошону камаш керек.
0
chali
2013-09-06 13:12:55
Жүзү кара, бетпакты кара. Күнөөсүз болсоң ошол жерден эле токтобойсуңбу, артыңдан кубалатып, анан жол эреже дегенден тамтык калган жок. Жөө кишилердин жолу менен да айдады, каршы жолго да чыкты. Бирөөнүн өмүрүнө коопсудук келтирди.
Жарандык коомдун активисттери ушундай коомдогу терс көрүнүштөргө карата "биримдикте" алгылыктуу иштерди алып барышса. Эки к&
+1
KTB
2013-09-06 13:22:53
Улан байкебиз эчакта эле жумушунан айдалган. Ал байкебиз жумушунда иштеп турганда бул видео коомчулукка, интернетке чыкпайт комускодо калмак. Мындай бир звонок менен буткон иштер отт эле коп, мындан оор кылмыштар деле жабылуу аяк жабылуу боюнча калып жатат. Азыркы бийликте отурган министири баш болуп инспектору тош болуп бир мафия. Мафияга каршы ким тура алат? Болгондо да мыйзамдуу мафия!!!
+2
Schookum
2013-09-06 13:49:26
Beti jok ayal ayal ekem.kayra kelip al u p yn kotorot!!!
0
NurbekKG
2013-09-06 16:25:45
Ананайын бул аял эмес эле аял көрүшүндөгү албарсты го. Бул аялга берилген кайран гана ата-эненин мээрими. Ата-энесинин жүзүн жерге каратты да. Бетинен лексуска балон кылса 100 жыл чыдамак экен. Өтө сапаттуу резина болмок.
+2
mayoral
2013-09-06 17:16:03
Азыр кочолорго видео коюш керек ушуга окшогон жапайы айымдар штраф толоп к....н кысып калышат эле.
+1
Ababakir
2013-09-16 15:16:54
mayoral, туура айтасын бирок бул кылмыштын видеосу турбайбы докозательство болуп буга окшогон адамдардын жамбашы чоон болсо закон алсызго! Мына коросунор бул аял эч кандай жаза албай суудан курук чыгып кетет себеби Мелис байкеси куткарып алат!
0
kesha.pikasso
2013-09-06 18:56:52
Ушул бети жок катын жоопко тартылганын же суудан кургак чыгып кеткенин жазып койсонуздар СУПЕР ИНФО.
+2
admin_superstan
2013-09-09 12:12:12
kesha.pikasso, Саламатсызбы!
Суранычыңызды аткарууга аракет кылабыз.
0
Beka_89_kg
2013-09-07 03:26:10
банкта иштесен озуно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан