Кыргыз-Кытай чек арасы аркылуу жүк ташуулар кайрадан жанданат. Тагыраагы, эки өлкө "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайын ачуу боюнча макулдашты. Мындай маалыматты бүгүн, 3-июнда Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
"Аталган көзөмөл-өткөрмө жайы 8-июнда ачылат. Азырынча эки өлкөнүн ортосундагы макулдашылган жүк ташууларга гана уруксат берилет. Ал эми көзөмөл-өткөрмө жайдын толук кандуу иштөөсү жакынкы арада чечилет", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-Кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайлары 2-февралдан тарта убактылуу жабылган. Ал эми "Эркечтам" өткөрмө жайы 14-апрелде ачылган.