"Ичер суусу бар экен". Тирүүлөй көмүлгөн адам мүрзөдөн өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн

Индиянын Гондал шаарынын жашоочусу Капил Маракан кол салгандар тирүүлөй көмүп салышкандан кийин мүрзөдөн өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Анда жазылгандай, Маракан май фабрикасында 6 жыл иштеген. Жакында гана ал жумушун алмаштырган. Жабырлануучунун мурунку иш берүүчүсү зыянга учураганына аны күнөөлөп, өч алууну максат кылган. Мындан улам аны уурдап, сабап андан кийин колу-бутун байлап, кумга көмүп салган. Ал бул ишти өзүнүн шериктери менен бирге жасаган. Алар кылмыш болгон жерден изин жашырып кетишкен. "Маракан алгач кумдун алдынан ачууланып, бир бутун бошотууга жетишкен. Бир канча аракеттин артында ал кумдун алдынан чыгууга үлгүргөн", - деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучу кум алдынан чыккан соң кылмышкерлер аны байкап калып, изинен түшүшөт. Бирок Маракан анча алыс эмес жерде жайгашкан абакка чейин жетүүгө үлгүргөн. Андан соң ал жердеги полиция кызматына окуя тууралуу кабарлап, кылмышкерлер кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Agayu
2020-06-03 15:18:57
Горечь и сладость киносундай болуптурго
+1
Zake007
2020-06-03 18:11:52
Индиянын кинолорун корсон тым эле укмушго,ок бешенеге тийиген сон,кайгылуу музыканын коштосунда 10 минут досуна конул айтып,кечирим сурап,козун секиин жумуп шылк этип жын беретго.
+4
Asman779
2020-06-03 19:44:35
Индиянын кинолору фантастика эле ок тийсе Бир топ убакыт мушташып баарын женип туруп анан олчу эле, Корсо чыныгы жашоодо деле окшош турбайбы
0
Dushabolna
2020-06-03 20:06:34
Укмуш нерселер болот да ушу Индияда дагы
0
KaGaH
2020-06-03 21:08:05
Кумдун алдында ачууланып)))
+6
Baatirbek81
2020-06-04 10:59:37
Кумдун астында жини келип сүйлөнүп жатканын элестетип алып бир топко чейин күлдүм!
0
kulundu.89
2020-06-04 11:05:49
Журокту тушуротго эмнеси болсода балдарынын бактысына аман калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан