Өзбекстан Volkswagen унааларын чыгара баштайт. Унаалар июлда сатыкка чыгат

Дүйнөгө белгилүү Volkswagen компаниясынын унаалары эми коңшу Өзбекстанда чыга баштайт. Бул тууралуу "Узавтосаноат" ишканасынын басма сөз кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, "Жизак" автоунаа чыгаруучу заводунда Volkswagen Caddy унаасын чыгаруу башталат. Завод жылына 20 миң автоунаа чыгара алат. Volkswagen Caddy унаасы июлда сатыкка чыгат. Азыркы учурда заводдун курулушу дээрлик аяктап калды.

Коңшу өлкө Volkswagen Caddy автоунаасын эки вариантта чыгарат:

1. 7 кишилик жүргүнчү ташуучу унаа;

2. Жүк ташуучу унаа катары. Унаа 110 аттын күчүнө барабар болот жана кыймылдаткычынын көлөмү 1 миң 600 куб сантиметр. Унаа шаар ичинде 100 чакырымга 9,3 литр, шаардан сыртта болсо 6,1 литр күйүүчү майды сарптайт.

Эске салсак, ушул жылдын март айында "Узавтосаноат" жана "Volkswagen Group Rus" компаниялары Жизак эркин экономикалык аймагында жеңил коммерциялык автоунааларды өндүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bessmertiy
2020-06-03 15:12:29
Ана кошуналар өнүгүп атат. Биздикилер күздө өтчү шайлоого карата популист болуу менен алек
+20
Kyrgyz_bloger
2020-06-03 15:31:01
Биздикилердин созу менен иши топ келбейт,популист башкалар айлыкты 25 кылса мен 26 кылам агайым туугандар,коруппция менен мына курошом,айылдардын баарын таза суу менен камсыз кылам деп дешевый пиар менен алек,эртен 3 жылдан кийин качат же камалат.
+10
ZUXRIDDIN20
2020-06-03 15:32:10
Ценасы асман болсо керек. Чевролет Тахое 85000 $ болгондой.
+9
batleybesh
2020-06-03 18:51:24
ZUXRIDDIN20,болбой атса туз жала!
-1
stal.ks
2020-06-03 15:41:37
Бизде качан авто заводдор курулат экена???..
+1
-BOSS-
2020-06-03 15:45:11
stal.ks, Ошто курулуп жатат имиш дедиле, ошол бойдон дайын жок
+7
emirchik
2020-06-03 15:42:34
Кыргыздар Журобереткенда карыз алып кошуналардан аябайле Арта калып кетик Сокеге караганда Атамбаев жакшы иштерди жасаган экен аазда болсо соке эшнерсе кылган жок болгонбу Атамбаевти эле камаганы болбосо кана Эми камады Акчалары кана пример министир болуп иштегендердин Акчалары кана Карызды толошпойбу
+4
stal.ks
2020-06-03 15:44:11
Чукулашып отура бербей элге пайдалуу завод фабрикаларды салып беришбейби, иш орундарды тузуп, иш жок элибиз мигрант болуп кетти талаалап, озу аз эл болсок.
+4
AdylbekB84
2020-06-03 16:15:37
Бизге Кытайдан башкасы келбейт, келсе аны дагы кууп турабыз 5-6 депутат бизнесмендердин айынан! Европалык, Түштүк кореялык, Япониялык инвесторлор Кумтөрдүн айынан коркуп калышкан! Кытай келсе желмогузду көргөндөй куусак, башкасы келбейт!
-1
ZUXRIDDIN20
2020-06-03 16:37:50
AdylbekB84,Кытай келсе жаллаң Кытайдын пайдасына иш кылышат алар.. Өзбекстанга окшоп акыл менен иш кылуу керек. Толко мамлекетке жана калктын пайдасын ойлоп
+2
AdylbekB84
2020-06-03 17:23:09
ZUXRIDDIN20,өзбекстанга окшоп акыл менен иш кылыш үчүн закон керек, президенти, өкмөтү эмне десе эли унчукпай дадам нима деса ошу боладида деп отура турган! Кытай Өзбекстанга 1, 5 миллиард долларга карызга шамал менен электр энергиясын алуу үчүн мамычаларды куруп жатат эли бир нерсе дедиби, машина завод куруп жатат аны алышка элинин акчасы жок кредитке кымбат алып жатышат, сырттан машина киргизе албаса ошондо дагы законго баш ийип отурушат! Бизде законду эч ким укпайт!
+1
batleybesh
2020-06-03 18:50:56
AdylbekB84,тууга туз жала!
-3
KaGaH
2020-06-03 17:02:12
Бизде Ошто университет курулуп атыптыр мгунун филиалы имиш,орус кул болуп бүттүк
Завод фабрика кайдан
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-06-04 00:32:49
Бизде да жакшы кабар бар жакында Москвич чыгат баарын бирден айдайсынар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан